Талант Бегалиев ардагерлер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

0

Кыргызстандык балбан Талант Бегалиев ардагерлер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Бегалиев 70 кг салмакта эркин күрөш боюнча мелдеште эки балбанды тең жеңип, финалга чыкты. Алтын үчүн күрөштө америкалык Майкл Лиге каршы килем үстүнө чыгат.

Ошондой эле Сааданбек Ниязов (130 кг) коло медаль үчүн россиялык Игорь Полетаев менен кармашат.

Грек-рим жана эркин күрөш боюнча мелдеш 19-24-октябрда Грециянын Лутраки шаарында өтөт.

Кыргызстандын намысын төмөнкү балбандар коргоодо:

1. Калмурза Жолдубаев — 70 кг (грек-рим күрөшү);
2. Талант Бегалиев — 70 кг (эркин күрөш);
3. Роман Сарыбаев — 88 кг (эркин күрөш);
4. Арген Бегалиев — 88 кг (эркин күрөш);
5. Чынарбек Изабеков — 100 кг (эркин күрөш);
6. Сааданбек Ниязов — 130 кг (эркин күрөш).

Get real time updates directly on you device, subscribe now.