Таласта айдоочулар нааразылык акциясына чыгышты

0

Таласта бүгүн, 18-октябрда такси жана оор жүк ташуучу автоунаалардын 30дан ашуун айдоочусу облустук акимчиликтин алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар Талас — Тараз — Суусамыр жолунун четинде жүргөн мал ээлерине чара көрүүнү жана жол чырактарын түнкү учурда өчүрбөөнү суранышууда. Ошондой эле, мал-жандыкка жарык чагылдыруучу тасмаларды байлап коюуну өтүнүшүүдө.

Айдоочуларды облус башчысы Бакытбек Нарбеков кабыл алып, атайын жадыбал түзүп, мал ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана тасмаларды байлоо боюнча тапшырмалар берилерин билдирди.

15-октябрда Талас районунда жол кырсыгынан тогуз кишинин өмүрү кыйылган. Кырсык Талас — Тараз — Суусамыр жолунун 61-чакырымында, Бекмолдо айыл өкмөтүнүн Кара-Ой айылына жакын жерде, түнкү саат 22:30 чамасында болгон. Айрым айдоочулар кырсыкка талаада жүргөн мал себепкер болушу мүмкүн деген пикирде.

Кыргызстанда быйыл сегиз ай ичинде 4 637 автокырсык катталып, андан 497 адам каза болгон. Арасында балдар да бар. Дагы 6900 адам жараат алган.

Ички иштер министрлигинин.  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кырсыктардын 95% адамдык фактордон улам болуп жатканын билдирген.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.