Тамактануучу жайларды текшерүүгө коюлган мораторий алынды

0

Кыргызстанда тамак-аш даярдаган жана саткан ишканаларды текшерүүгө киргизилген мораторий алынды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жугуштуу оорулардын жана жапырт уулануулардын алдын алуу, тамак-аш коопсуздугун көзөмөлдөө максатында Өкмөттүн 2018-жылдын 17-декабрындагы «Ишкердик субъекттерин текшерүүгө убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Өзгөртүүгө ылайык, тамак-аш (даярдоо, сактоо, ташуу, сатуу) ишканаларына тамак-аш коопсуздугу жаатындагы техникалык регламенттеринин жана башка ченемдик-укуктук актыларын талаптарын сакталышын текшерүүгө мораторий алынды.

Бишкектеги акыркы жапырт ууланууга байланыштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери бүткүл республика боюнча жалпы тамактануучу жайларды текшерүүгө алат.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.