Тарыхый-маданий мурастарды пайдалануу жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

0

Президент Садыр Жапаров “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо
жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү
мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта президенттин
маалымат кызматынан билдиришти.
Мыйзам 18-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты курулуш, жол куруу, жаңы жерлерди
өздөштүрүү, карьер иштетүү же плотина куруу сыяктуу иштерди
жүргүзүүдө, анын ичинде ландшафттын олуттуу өзгөрүшүнө алып
келүүчү жана суунун каптоосуна себеп болуучу иштерде,
инженердик-изилдөө стадиясында жана жерди которуу
(трансформациялоо) учурунда археологиялык изилдөө
процедурасын дебюрократизациялоо болуп саналат.
Алсак, мыйзам менен маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу
мамлекеттик органга тарыхый-маданий мурастар объекттеринин
табылышы мүмкүн болгон жогорку потенциалдуу аймактардын
тизмесин бекитүү укугу берилди. Эгерде чегерилүүчү аймак ушул
тизмеге киргизилсе, анда мындай аймакта археологиялык изилдөө
жүргүзүү жана анын корутундусун алуу милдеттүү болуп саналат.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.