Ташиев: Октябрь ичи дары-дармек кескин арзандайт

0

Кыргызстанда жакынкы күндөрү дары-дармек кескин арзандайт. Бул тууралуу 13-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын милдетин аткаруучу Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште билдирди.

Депутаттардын фармакологиядагы мафия тууралуу суроосуна жооп берип жатып Ташиев бул уюшмага мамлекеттик кызматта иштегендер да аралашып кеткенин белгилеп, Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин айрым адистери тергөө абагына отургузулганын, башка да адамдар боюнча иш жүрүп жатканын айтты:

“Департамент өкүлдөрү мамлекет өз функциясын аткарып, дары-дармектин арзандыгын камсыз кылгандын ордуна, тескерисинче, кымбаттыгын камсыз кылып, пара алып, уюшкан финансылык мафия түзүшкөн. УКМК фарммафияны толук көзөмөлгө ала баштады. Департаменттин үч-төрт адисин, фармкомпаниялардын чоң мафияларынын бир-экөөнү тергөө абагына отургуздук. Бирок бул чек эмес. Жакынкы күндөрдө, октябрь айы ичи, Кыргызстанда дары-дармектин баасы кескин түшөт”.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанга дары ташыган компаниялардын саны 200дөн ашат. Ал эми дарыканалардын саны 3200дөн ашуун. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарында жайгашкан.

Дары-дармек көйгөйүнө байланыштуу “Азаттык” “Көмүскөдөгү дары бизнеси” аттуу иликтөө жүргүзгөн.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.