Токаев менен Мирзиеев президент С.Жапаровду туулган күнү менен куттукташты

0

Бүгүн, 6-декабрда президент Садыр Жапаровду Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев жана  Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев куттукташты

Шавкат Мирзиеев, Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубат жашоо жана ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады. Ал Садыр Жапаровдун эки өлкөнүн ортосундагы достук жана стратегиялык мамилелерди чыңдоодогу олуттуу салымын белгиледи.

Касым-Жоомарт Токаев ага бекем ден соолук, бакубатчылык жана бир тууган Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн ийгиликтерди каалады.

Садыр Жапаров куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз тарап биргелешкен күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.