Токмоктон жоголгон окуучу кыз Бишкектен табылды

0

Токмок шаарынын Амбулаторная көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон 12 жаштагы кыз табылды. 2009-жылы туулган Б.С. 28-ноябрда саат 21:00 чамасында үйүнөн кеткен бойдон белгисиз болуп жатканы тууралуу маалымат милиция органдарына түшкөн.

Бишкектеги Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери издөө иштерине катышты. Жыйынтыгында адашып жүргөн окуучу кыз Бишкек шаарынын Осмонкул көчөсүнөн табылган. Ал ата-энесине жеткирилди, абалы жакшы.

Булак: barakelde.org

Get real time updates directly on you device, subscribe now.