Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 9,4 млрд куб метрге чейин азайды

0

Бүгүн, 21-январда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд 456 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 173 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 600 куб метрге жетүүдө.

2021-жылдын апрель айында Токтогулда суу кескин азайып, ГЭСтеги суу 8,5 млрд куб метрге чейин, башкача айтканда, кооптуу чекке жеткен.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.