Трамп жөнүндө кызыктуу фактылар

0

АКШда президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Дональд Трамп боюнча кызыктуу маалыматтар:

1.Толук аты жөнү Дональд Джон Трамп 1946-жылы 14-июнда АКШнын Нью-Йорк шаарында төрөлгөн. Дональд Трамп кылмыш иши боюнча соттолгон биринчи президент. Ага карата сексуалдык зомбулук, жалаа жабуу, каржылык көз боёмочулук, президенттик шайлоого кийлигишүү жана жашыруун документтерди туура эмес сактоо беренелери боюнча иш козголгон.

2. Ал АКШнын тарыхында Өкүлдөр палатасы тарабынан импичмент жарыяланган үчүнчү президент жана эки жолу – 2019-жылы жана 2021-жылы бир жолу импичмент жарыяланган жалгыз президент болуп калды.

3. Трамп президент болгонго чейин эч кандай мамлекеттик кызматты ээлебеген жалгыз президент.

4. 13-июлда Пенсильвания штатынын Батлер Тауншип шаарында шайлоо өнөктүгү учурунда Трамптын кулагына ок тийип, аман калган.

5. 1987-жылдан 2009-жылга чейин Дональд Трамп Демократиялык партиянын шайлоочусу, 2011-2012-жылдары партияда жок шайлоочу катары катталган. Андан кийин ал Республикалык партиянын шайлоочусу катары катталып, 2016-жылы андан президент болуп шайланган.

6. Дональд Трамптын байлыгы Forbes журналынын маалыматы боюнча 6 миллиард долларга бааланган. Байлыгына карабай анын эң жакшы көргөн тамагы – Макдоналдстын гамбургери.

7. Трамп карьерасында алты жолу банкрот болгон.

8. Дональд Трамп Трамп World Tower, Fifth Avenue on Trump Tower, AXA Center, The Trump Building on Wall Street in Manhattan, 555 California Street in Manhattan, Trump International Hotel Las Vegas, Chicago International Hotel and Tower, Trump International аттуу мейманкана жана бир нече асман тиреген имараттарга ээлик кылат.

9. Трамп 2015-жылга чейин Miss Universe уюмунун тең укутуу ээси болгон. Алар NBC менен бирге Miss Universe, Miss USA жана Miss Teen USA сынактарын уюштурушат.

10. Трамп ар дайым колду тазалоочу каражатты көп колдонот жана микробдордон жийиркенгендиктен кол алышуудан качат.

11. 13 жашында Дональд атасы Фреддин кыймылсыз мүлк бизнесинде иштей баштаган. Кызыктуусу, Фред фамилиясы Drumpf болгон немис иммигранттарынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Трамптын апасы Мэри Шотландияда төрөлгөн.

12. Трамп аскердик академияда 5 жыл окуган. Анын айтымында, бул жылдар ага мыкты аскердик даярдыктарды берип, лидерлик сапаттарды өрчүтүүгө шарт түзгөн.

13. Трамп алкоголдук ичимдиктерди жек көрөт, анткени анын улуу агасы Фред 42 жашында катуу алкоголдук көз карандылыктын айынан каза болгон.

14. Трамптын үч башка аялынан беш баласы бар. Анын тун уулу Дональд Кенже менен кичүү баласы Бэррондун ортосунда 28 жаш айырма бар. Ошондой эле балдарынан жети небереси бар.

15. Трамп саясатка келгенге чейин «Үйдө жалгыз 2» жана «Зуландар» сыяктуу тасмаларда эпизоддук ролдорду аткарган.

16. Трамп ийгиликтүү бизнесмен жана «Шакирт» реалити-шоусунун алып баруучусу катары атактуулукка жеткен.

17. Дональд Трамп гольфту жакшы көрөт жана мыкты ойнойт. Дональд Трамп АКШнын тарыхында 45 жана 47 президенти болуп калат.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.