Тыштан жумуртка ташып кирүүгө убактылуу чектөө киргизилет…

0

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргыз Республикасынын аймагына тоок жумурткаларын алып кирүүгө (импорттоого) 6 айга тыюу салууну караштырууда.
Бул чара Ата Мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган. Убактылуу чектөө киргизилгенден кийин Ата Мекендик канаттуулар ишканалары тарабынан тоок жумурткаларын өндүрүү жана импорттук продукцияга болгон атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жогорулайт. Бул чара тышкы жеткирүүлөрдөн көз карандылыкты олуттуу азайтууга мүмкүндүк берет.
Себеби, Ата Мекендик өндүрүштү колдоо жана кеңейтүү импортту алмаштыруу ишинде маанилүү кадам болуп калат. Буга байланыштуу Министрлик өлкөдө канаттуулар чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча активдүү иштерди алып барып жатат.
Белгилей кетсек, Министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын негизинде Ата Мекендик фабрикалардын тоок жумурткаларын өндүрүү кубаттуулугу артты. Натыйжада, тыштан ташылган жумуртканын көлөмү азайып акыркы үч айда 1 млн. 836 миң даана болсо, экспорт 8 млн. 800 миң даанага жетип көбөйдү.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.