UFC 311: Хабиб Нурмагомедов беттештен баш тарткан Арман Царукян боюнча билдирүү жасады

0

UFC уюмунун жеңил салмактагы мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов армениялык мушкер Арман Царукяндын жеңил салмактагы промоушендин учурдагы чемпиону Ислам Махачев менен беттешүүдөн баш тартканы боюнча үн катты.

UFC уюмуна берген маегинде ал Арман Царукянга ден-соолук каалап, мындай кырдаал ар кимдин башына келиши мүмкүн экенин айтты.

«Чынын айтсам, мен анын беттешке чыга албасын кечээ түнкү саат бирде уктаар алдында билдим. Бул ар кимдин башына келиши мүмкүн. Эсиңиздерде болсо 2017-жылдын март айында менде дагы ушундай кырдаал болгон. Анда мен ооруканага жатып операция жасатып, кайра кайтып келип чемпиондук курду алгам.

Мен ага бардык жакшылыктарды гана каалайм. Ал жаш жана күчтүү. Ал кайтып келиши мүмкүн. Ал бул кырдаалдан сакайып чыгып, кайтып келиши керек», — деди Хабиб Нурмагомедов.

Арман Царукян менен Ислам Махачев эртең, 19-январга караган түнү UFC 311 турниринде кез келмек. Бирок Царукян белинен жаракат алып, октагонго чыга албай турганын билдирди. Эми Махачев титулдук беттеште бразилиялык Ренато Мойкано менен кез келет.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.