UFC: Мыктыбек Оролбай уулу жеңишке жетти

0

Мыктыбек Оролбай уулу Катарда өткөн «UFC» турниринде швециялык Жек Херманссонду нокаут менен утту. Беттеш 23-ноябрга караган түнү Доха шаарындагы турнирдин негизги бөлүгүндө өттү.

Кыргызстандык мушкер атаандашын биринчи раундда эле нокаутка кетирди.

«Менин ар бир беттешим кызыктуу болот. Бул башталышы гана, мен келечектеги чемпионмун! Жашоодо мен абдан тынч жана жөнөкөй адаммын, бирок беттешке чыкканда мен башка адамга айланам»,- деди Оролбай уулу беттештен кийинки интервьюсунда.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.