«Ухан вирусу»: Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 156 миллион 480 миң 210 адам жуктуруп алды

0

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 156 миллион 480 миң 210 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 92 миллион 670 миң 100 бейтап айыгып чыкса, 3 миллион 265 миң 264 адам илдеттен каза болду. Статистикалык маалымат бүгүн, 8-майга карата алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 32 миллион 649 миң 677 болду. 580 миң 870 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 21 миллион 491 миң 598 адамдан аныкталды. 234 миң 83 адам каза болсо, 17 миллион 612 миң 351 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 15 миллион 82 миң 449 адам вируска кабылган. 419 миң 114 бейтап көз жумса, 13 миллион 400 миң 75 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.