УКМК: 1 млн 500 миң сом пара алган салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалды
Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан учурда КР ФМ караштуу МСКнын түштүк аймагы боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалды.
Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын июль айында КР ФМ караштуу МСКнын түштүк аймагы боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын бөлүм башчысы К.Н.Н. улуттук коопсуздук органынын кызматкерине Ош облусунун Өзгөн шаарынын борборунда жайгашкан аянты 0,80 га ири инфраструктуралык объектини мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын жашыруу жана КР УКМК кызматкерлери тарабынан андан ары кылмыш ишин козгоодон баш тарттыруу үчүн 1 млн. 500 миң сом пара сунуш кылган.
КР Финансы министрлигине караштуу МСКнын кызмат адамынын аракеттеринде кылмыш белгилери байкалгандыгын эске алуу менен КР УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында 2024-жылдын 29-июлунда 1 млн.500 миң сом өлчөмүндө пара берүү учурунда КР ФМ караштуу МСКнын түштүк аймагы боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын бөлүм башчысы К.Н.Н. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда тиешелүү тергөө иштери, анын ичинде мыйзамсыз менчиктештирилген объектини мамлекетке кайтаруу иштери улантылууда.