УКМК КР Башкы прокуратурасынын ички чалгындоо кызматы менен биргеликте Талас облусунун Айтматов районунун прокурорунун улук жардамчысын (Бакай-Ата району боюнча прокурордун мурдагы орун басары) ишкердик субъектинен 90 000 сом пара алып жаткан жеринен кармады
Тактап айтканда, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Талас облусунун Айтматов районунун прокурорунун улук жардамчысы С.Р.Т. компаниянын жетекчисинен мамлекеттин пайдасына салыктык чегерүүлөргө байланыштуу маселелерди чечүү үчүн 100 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.
Мындан улам, 2024-жылдын 25-июлунда Талас облусунун Айтматов районунун прокурорунун улук жардамчысы 90 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен өз иш бөлмөсүндө кармалды.
Учурда жогорудагы факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп, кармалган С.Р.Т.га карата Талас шаардык соту тарабынан «Камакка алуу» түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды.