УКМК: Бийликти күч менен кулатууга жана массалык баш аламандыкка чакырык жасаган «TikTok» колдонуучусу кармалды

0

26-жылдын 9-апрелинде КР УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүгү («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 1984-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Б.К.Ж. кармалды.

Кармалган жаран “TikTok” социалдык тармагындагы «oiboi_007» аккаунтунун ээси болуп, массалык башаламандыкка жана бийликти күч менен басып алууга чакырыктарды камтыган провокациялык материалдарды системалуу түрдө таратып келгени аныкталды.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Б.К.Ж. буга чейин аныкталган мыйзамга каршы мазмундагы публикацияларга тиешеси бар экенин моюнуна алды.

Учурда кармалган жаран КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалууда. Кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети интернетте зордук-зомбулук аракеттерине, массалык башаламандыкка жана бийликти басып алууга чакырыктарды камтыган материалдарды таратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.