2026-жылдын 9-апрелинде КР УКМК тарабынан Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун үч мүчөсү кармалды.


Кармалгандар экстремисттик идеологияны жайылтуу жана жаңы жактоочуларды тартуу менен алектенип келишкен. Алардын жашаган жерлеринен «Хизбут-Тахрир» тарабынан чет өлкөлөрдө мезгил-мезгили менен баслып чыккан адабияттар жана материалдар алынган. Аларга карата атайын тергөө иш-чаралары улантылууда.

