УКМК эл аралык террордук уюмдар менен байланышы бар деп шектелген адамды кармады

0

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында контртеррордук иш-чараларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө 2026-жылдын 1-апрелинде Ю.В. аттуу жаран аныкталып, кармалды.

Шектүү террордук уюмдардын идеологиясын жана Борбор Азия аймагында «халифат» түзүү идеяларын колдоочу болуп саналат. Эмгек миграциясында жүргөн мезгилде террордук ишмердүүлүктү каржылоо менен алектенген эл аралык террордук уюмдардын идеологдорунун таасирине кабылган.

Мындан тышкары, Ю.В. чет мамлекеттин аймагындагы согуш жүрүп жаткан аймактардын бирине чыгып кетүүнү жана мурда КМШ өлкөлөрүндө резонанстуу террордук актыларды уюштурган эл аралык террордук уюмдун башчысына кошулууну пландаган.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

КР УКМК эскертет: террордук уюмдардын ишине катышуу жана аларды каржылоо кылмыш жоопкерчилигине алып келет.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.