УКМК: Эл аралык трансулуттук баңгизат кылмыштуу тобуна тиешеси бар «Woody Exchange» крипто алмаштыргычынын кылмыштуу ишмердүүлүгү токтотулду
Синтетикалык баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында сатууга каршы көрүлгөн курч коопсуздук иш-чараларынын алкагында үстүбүздөгү жылдын 31-мартында КР УКМК тарабынан Өзбекстан Республикасынын жараны, 2000-жылы туулган, орус улутундагы А.О. кармалды. Ал Кыргыз Республикасынын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Россия Федерациясынын аймактарында иштеген “Принцесса Дури” тармагына кирген онлайн дары-дармек дүкөндөрү аркылуу, Кыргыз Республикасынын аймагында жаңы түзүлгөн «Woody Exchange» крипто алмаштыргычынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен, электрондук капчыктар жана банктык эсептер аркылуу синтетикалык баңги каражаттарын сатуудан түшкөн акча каражаттарынын кыймылын уюштуруу, ошондой эле келип түшкөн каражаттарды накталай акчага айлантуу процессин көзөмөлдөө жана баңги заттарды сактоочу жайларга жөнөтүүнү уюштуруу максатында 2025-жылдын январь айында Бишкек шаарына келген.

Трансулуттук уюшкан кылмыштуу баңги тобун каржылоого көмөктөшүүнү документтештирүү жана эсепке алуу максатында КР УКМК тарабынан «Мефедрон» баңги затын «контролдук сатып алуу» жолу менен «Принцесса Дури» дарыканасы аркылуу «Woody Exchange» крипто алмаштыргычынан сатылып алынды, муну менен трансулуттук уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого жардам көрсөтүүгө крипто алмаштыргычтын катышуусу тастыкталды.

Кармалган жарандын жашаган жеринен төгүндөлгүс буюм далилдери, атап айтканда, дарыканалардын каржылык операцияларында колдонулган 100гө жакын банк карталары, 18 уюлдук телефондор жана ноутбуктар табылып, алынды.

Синтетикалык баңгизаттарды сатуудан банктык карталарга күн сайын акча каражаттарынын түшүүсү болжол менен 40 – 50 миң АКШ долларын түзгөн, алар крипто-валютага алмаштырылып, кураторлордун эсептерине которулган. (акча алмаштыруучу жай иштей баштагандан бери жалпы сумма болжол менен 240 млн. сомду түзөт).

Учурда Өзбекстан Республикасынын жараны КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди. КР УКМК тарабынан кылмыштуу схеманын бардык катышуучуларын, ошондой эле каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун башка каналдарын аныктоого багытталган кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз өндүрүү, алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келерин эскертебиз.