УКМК: “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү жашаган 7 жерде тинтүү жүргүзүлдү — ВИДЕО

0

КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында   экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө «Хизбут-Тахрир»ДЭУнун активдүү мүчөлөрү  жашаган 7 жерде санкцияланган тинтүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Натыйжада 53 китеп, 8 телефон, 20 журнал, 26 дептер, 1 ноутбук, 1 флеш-карта, 2 банк картасы табылган. Аталган буюмдар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматына диний экспертиза жүргүзүү үчүн жөнөтүлдү.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча кылмыш ишине тиешеси бар адамдарга карата Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.