УКМК: Кемин районунда 119 млн. 937 миң сомду түзгөн колбаса өндүрүүчү ишкана болгон аймак мамлекетке кайтарылды
КР УКМК тарабынан мурда мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик объекттерди табуу жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Чүй облусунун Кемин районунун аймагында базар баасы 119 млн.937 миң сомду түзгөн, мурда касапкана жана колбаса чыгаруучу ишкана болуп саналган курулуштары бар аймак аныкталып, мамлекеттин балансына кайтарылды.
Аталган объектти 1995-жылы айрым кызмат адамдары жеке менчикке алып, бүгүнкү күнгө чейин өз кызыкчылыгына пайдаланып келгени аныкталган.
Учурда КР УКМК мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо боюнча иштерди улантууда.