УКМК: Кызматкерге байланыштуу мажбурлап мүлк каттатуу фактысы боюнча текшерүү башталды

0

Бүгүн, 2026-жылдын 6-апрелинде, жалпыга маалымдоо каражаттарында А.О. аттуу жаран үй-бүлөсүнө басым жасаган УКМКнын кызматкери Б.Р.ге карата чара көрүүнү өтүнүп мамлекет башчысына кайрылганы тууралуу маалымат жарыяланган. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайрылууга байланыштуу КР УКМК ыкчам тартипте көрсөтүлгөн кызматкердин айтылган фактыларга тиешеси бар-жогун текшерүү боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүздү.

«Анын жыйынтыгы боюнча УКМКнын жетекчилиги тарабынан бардык жагдайлар толук аныкталып, Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан укуктук баа берилгенге чейин тергөө иш-чаралары жүрүп жаткан мезгилде Б.Р.ди ээлеген кызматынан убактылуу четтетүү чечими кабыл алынды», — деп айтылат билдирүүдө.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.