Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
КР УКМК тарабынан 2026-жылдын 2-апрелинде ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жерди уруксатсыз басып алуу жана мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды.
Тактап айтканда, чет элдик «Аврора-Тур» ЖЧК компаниясынын жетекчиси чет элдин жараны Л.Ж.Ж. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуу менен иш-аракет кылып, каржылык пайда табуу максатында 3,58 гектар жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп алган. Буга чейин мыйзамдуу түрдө 0,10 гектар гана бөлүнгөн.

Мыйзамсыз ээлеп алынган жер тилкелеринде тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз шагыл казуу жана майдаланган таш өндүрүү уюштурулган. Мыйзамга каршы аракеттердин натыйжасында мамлекетке 15 млн сомдон ашык зыян келтирилген.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында чет өлкөлүк жаран Л.Ж.Ж. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды жана анын жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.
КР УКМК жарандарды Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузгандыгы үчүн каралган кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертет.