УКМК: Улуттук же диний кастыкты козутууга багытталган аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертет
Социалдык тармактарда Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын жарандарынын ортосундагы массалык никелер тууралуу чагымчыл жана негизсиз маалыматтардын көбөйүшүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2020-жылдан бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө катталган мындай никелердин саны болгону 129ду түзөөрүн, алардын көпчүлүк бөлүгү КЭР жарандары болуп саналган ар кандай этникалык топтордун, анын ичинде этникалык уйгурлардын, дунгандардын ж.б. өкүлдөрдүн ортосунда түзүлгөнүн маалымдайт.
Ошол эле учурда, титулдук улуттун өкүлдөрү менен кытайлыктардын (ханьдар) ортосундагы никелердин саны 44тү түзөт, алардын көпчүлүгү Кытайга туруктуу жашоого кеткендер.
Бул процесстер Кыргыз Республикасындагы жалпы демографиялык кырдаалга таасир этпейт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (пикир келишпестикти) козутууга багытталган аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертет.
______