УКМК: Жайыл райондук “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды

0

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.

УКМК тарабынан Чүй облусунун Жайыл райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинде коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин Жайыл райондук филиалынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аракеттердин фактылары аныкталды.

Аталган филиалдын айрым кызмат адамдары жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз чыгаруу боюнча коррупциялык схеманы алдын ала сүйлөшүп алып уюштурганы аныкталган.   Мыйзамсыз иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн жасалма баштапкы документтер колдонулган, бул жеке менчикке мамлекеттик актыларды мыйзамдуу негиздерсиз тариздөөгө мүмкүндүк берген.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин Жайыл райондук филиалында жана кызмат адамдарынын жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп,  машинкалар жана эски үлгүдөгү мамлекеттик бланктар боюнча 2004-жылы чыгарылган Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин мөөрү, жеке менчик укугуна жаңы жана катталбаган мамлекеттик актылар аныкталып, алынган.

Мындан тышкары, жер тилкелерине жеке менчикке мамлекеттик актыларды мыйзамсыз берүү, тактап айтканда, документтин түп нускасын жасалмалоо жана аларды «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин реестрине каттоо  жолу менен ишке ашырылгандыгы  аныкталган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Жайыл филиалынын башчысы И.Р.Р. кармалып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 тергөө абагына киргизилди.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.