КР УКМК жер тилкелерин аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча ишин улантууда.
Алсак, 2007-жылы Кичи-Жаргылчак айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги 1,4 гектар жерди Жети-Өгүз районунун тургунунун жеке менчигине, алма багы отургузулду деген шылтоо менен өткөрүп беришкени аныкталды.
Бирок, жеке менчикке өткөн учурда жана ушул күнгө чейин бул жер тилкесинде аны өнүктүрүү жана жакшыртуу боюнча эч кандай иш жүргүзүлбөгөндүгү белгилүү болду.
Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө жер тилкесине ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнгөн менчик ээси Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айыл өкмөтүнүн балансына 1,4 га жерди өз ыктыяры менен кайтарып берди.