УКМКнын айдоочулук күбөлүк алууга жардам берген айрым кызматкерлери жазаланды

0

КР Министрлер Кабинетине караштуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктеги комплекстүү коррупциялык схемага бөгөт коюунун алкагында айдоочулук күбөлүктү алууга ар тараптан көмөк көрсөткөн КР УКМКнын айрым кызматкерлери аныкталды.
Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Мамкомитет башчысынын кызынын айдоочулук күбөлүгүн алууда жардам көрсөткөндүгү үчүн УКМКнын ар кандай кызматтагы 7 кызматкери (сөгүш-2, катуу сөгүш – 3, Кызматына толук ылайык келбестиги жөнүндө эскертүү – 2) жазалангандыгы аныкталды.
Тактап айтканда, бул чаралар КР УКМКнын төрагасы генерал-полковник К.К. Ташиевдин жеке көрсөтмөсүнө ылайык кабыл алынды, ал жакында эл алдында сүйлөгөн сөзүндө укук бузууларга жол берилбестигин билдирип, мамлекеттик кызматта турганда Улуттук коопсуздук органынын кызматкерлерин туугандарынын жана тааныштарынын таасирине алдырбоого чакырган.
Азыркы учурда көрсөтүлгөн укукка каршы жосунга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.