УКМКнын курама командасы күч түзүмдөрүнүн арасында өткөн дзюдо боюнча чемпионатта биринчи орунду ээледи

0

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2026-жылдын 4–5-апрелинде Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери арасында Кыргыз Дене тарбия спорттук «Динамо» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган дзюдо боюнча чемпионат болуп өттү. Турнир көрүнүктүү мамлекеттик ишмер — Ногойбаев Болотбек Бердибековичтин жаркын элесине арналды.

Мелдештер дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында өттү. Чемпионатка 16 команда катышып, алар беш салмак категориясында күч сынашты.

Курч атаандаштык жыйынтыгында командалык эсепте биринчи орунду Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) курама командасы ээледи. Экинчи орун Ош ШИИБнин командасына, ал эми үчүнчү орун ИИМдин Күзөт кызматынын командасына ыйгарылды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин командасынын курамында төрт кызматкер болгон, алардын үчөө жогорку деңгээлдеги даярдыкты көрсөтүп, өз салмак категорияларында жеңишке жетишкен.

КР УКМК командасынын жеңиши мекеме кызматкерлеринин жогорку кесипкөйлүгүн жана мыкты физикалык даярдыгынын ачык далили болду.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.