Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте, Түркия Республикасынын компетенттүү органдарынын жардамы менен Сирия Араб Республикасынын элине жалпысынан 150 тоннадан ашык гуманитардык жардам жеткирди.

Атайын өнөктүктүн алкагында Сирия тарапка керектүү азык-түлүк товарлары (ун, күрүч, кумшекер, өсүмдүк майы ж.б.) жеткирилди.

Бул гуманитардык акция мамлекет башчысынын жана Кыргыз Республикасынын элинин тынчтыкты, коопсуздукту чыңдоого жана муктаж болгон өлкөлөргө гуманитардык колдоо көрсөтүүгө болгон берилгендигин тастыктады.

Өз кезегинде, Сирия өкмөтүнүн өкүлдөрү Сирия Араб Республикасынын президенти Ахмед Хуссейн аш-Шараанын жана Сирия элинин атынан Кыргыз Республикасынын президентине жана элине ыраазычылык билдирип, «Сиздердин колдооңуздар азыр өзгөчө маанилүү жана Сирия эли Кыргызстандын демилгесин бир туугандык колдоо катары кабыл алат»- деп белгилешти.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар учурдагы көйгөйлүү маселелерди, аймактык күн тартибинин актуалдуу маселелерин жана эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты.