УКМК:Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн конституциялык укуктарын бузууга жол берилбестигине чакырат

0

КР УКМК тарабынан 2024-жылдын сентябрь айында жашы жете электерди Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары мыйзамсыз алып чыгуу үчүн туруктуу каналды уюштуруу, КР Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси «Балдарды сатуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Казакстан Республикасынын А.А. аттуу жараны жана анын кылмыштуу шериги КР жараны С.С. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Мындан улам, тергөөдө Казакстан Республикасынын жараны А.А. Израилдин жараны А.Б. менен өзүнчө акчалай жана башка мүлктүк компенсация алуу үчүн кылмыштуу кутумга кирип, Кыргыз Республикасынын жараны С.С.дан үч жашы жете элек баланы сатып алганын, андан кийин балдардын денесин алардын интимдик бөлүктөрүнө басым жасоо менен жылаңачтап, сүрөткө тартып, социалдык мессенджер аркылуу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары үчүнчү жактарга жөнөтүү менен байланышкан адеп-ахлаксыз, уятсыз аракеттерди жасаганы аныкталган.
Мындан тышкары, аталган кылмыштуу топ Кыргыз Республикасынын Д.К. аттуу жаранынын жашы жете элек эки баласына карата толук камкордукка алууга уруксат алып, аларга карата ушундай эле аракеттер жасалган. Чогултулган кылмыш ишинин материалдары кароо үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлгөн.
Жогоруда аталган кылмыш ишин кароонун жыйынтыгы боюнча, 2026-жылдын 12-мартында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан айыпталуучулар күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен Казакстан Республикасынын жараны А.А.га карата 12 жылга жана КР жараны С.С.га карата 11 жылга эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жазасы дайындалган.
КР УКМК жашы жете электердин конституциялык укуктарын бузгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет жана жарандарды балдардын укуктарын кемсинтүүгө жол бербөө менен мыйзамдардын ченемдерин так сактоого чакырат.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.