Улукбек Марипов менен Түркиянын вице-президенти эки өлкөнүн кызматташтыгы тууралуу сүйлөшүштү

0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өлкөгө Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесине катышуу үчүн келген Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Түркиянын стратегиялык өнөктөш катары карайт, бизди тилибиз, динибиз, бир туугандык жана достук мамилелерге негизделген байыркы тарыхый-маданий байланыштарыбыз бириктирип турат. Үстүбүздөгү жылы эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгына 30 жыл толот. Биз түрк тарапка бул мезгилде көрсөтүлгөн ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмеси ийгиликтүү өтөөрүнө жана биз жакшы натыйжаларга жетишээрибизге ишенем», – деди Улукбек Марипов.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, Түркия республикабыздын бирден-бир ири соода-экономикалык өнөктөшү болуп саналат.

«Менин пикиримде, биздин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү деңгээлин 1 миллиард доллар жеткирүү үчүн күч-аракетти жумшоо зарыл. Келечектүү орто жана чакан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык фонд түзүүнү сунуштайбыз», – деди ал.

Улукбек Марипов ошондой эле социалдык-гуманитардык тармактагы кызматташтыктын өнүгүп жаткандыгын белгиледи.

Ал Түркиянын өкмөтүнө коронавирус инфекциясы пандемиясынын кесепеттерин жоюуда көрсөтүлүп жаткан көмөгү жана жакын арада берилген 150 миң доза вакцинасы үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары, Бишкек шаарында кыргыз-түрк ооруканасы иштеп жатат, ал боюнча келишим алкагында медициналык адистердин квалификациясын жогорулатууга колдоо көрсөтүлөт.

Өз кезегинде Түркиянын вице-президенти Фуат Октай жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу мамилелердин ар кыл багыттарда ырааттуу өнүгүп жаткандыгын белгиледи.

«Кыргыз Республикасы биз үчүн стратегиялык өнөктөш болуп саналат, биз бир тууган элбиз. Биздин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн 1 миллиард долларга чейин жеткирүү максаты бар жана биз келечекте кызматташтыкты чыңдоо үчүн күч-аракет жумшоого, анын ичинде Кыргыз Республикасына инвестиция тартууга даярбыз», – деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча, анын ичинде медициналык багыттагы түрк университеттеринде кыргыз студенттерин окутууга квоталардын бөлүнүшү, Түркиянын ооруканаларында акысыз негизде 150 Кыргыз жаранын дарылоо үчүн ар жылкы квоталарды берүүнү жаңыртуу, эки өлкө жарандарынын республикалардын аймагында жүрүү мөөнөтүн узартуу, ошондой эле эмгек ишмердүүлүгү үчүн уруксат берүүчү документтердин наркын паритеттик негизде төмөндөтүү маселеси боюнча пикир алмашуу болду.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.