Иш-чарага КР КК Улуттук гвардиясынын кол башчысынын материалдык-техникалык камсыздоо боюнча орун басары гвардиянын полковниги Дубанбек Чериков, ардагерлер, чакырылган коноктор, ошондой эле аскер кызматкерлеринин жакындары жана туугандары катышты.

Салтанат өлкөнүн туусун алып чыгуу жана гимнди аткаруу менен башталды. Анттын салтанаттуу сөздөрүн айткандан кийин ар бир жоокер аскердик парзын ар-намыстуулук жана сыймыктануу менен аткарууга даяр экендигин ырастап, аскердик бөлүктүн китебине өзүнүн кол тамгасын койду.

Гвардиянын полковниги Дубанбек Чериков, жоокерлерди бул маанилүү окуя менен куттуктап, жаш гвардиячыларга кайрат, туруктуулук жана ийгиликтүү кызмат өтөшүн каалап: «Бүгүн сиздер аскердик эрдиктин жана мекен алдындагы жоопкерчиликтин жолунда биринчи кадамды таштадыңыздар. Кызмат сиздер үчүн эрдиктин, ынтымактын жана ант берүүгө берилгендиктин мектеби болуп калсын», — деп белгиледи.
Расмий бөлүктөн кийин жаш жоокерлер тарабынан даярдалган саптык даярдыктын элементтери, кол кармашып урушу ыкмалары көрсөтүлдү.