Ырчы, обончу Ильяз Абдыразаковдун туулган күнү. Ал бүгүн 21-январда 37 жашка толду. Ырчы мырзага туулган күнү
менен куттуктап байланышка чыкканыбызда бүгүнкү күндү үйбүлөсү менен өткөрө турганын билдирди.
«Мен үчүн ар бир күн бирдей, туулган күнүм дагы ошол күндөрдүн
катарында. Өзгөчө күн деле көрбөйм. Бүгүн үй-бүлөм, досторум,
жакындарым менен үйдө белгилейм», — дейт ырчы мырза.
Ильяз Абдыразаков 1988-жылы Баткендин Кызыл-Кыя шаарында
туулган. Ыр дүйнөсүнө кызыгуусу ата-энесинен өткөн. Анткени экөө
тең музыкага жакын адамдар болгон. Атасы гитарада жакшы
ойносо, апасы убагында мектепте музыкадан сабак берген.
Ильяз кичинесинен ыр жандуу болуп, өз алдынча обон чыгарууга
аракеттенип жүргөнүн маектеринин биринде айтканы бар. Ошол
кызыгуусу түрткү болуп, 6-класстан баштап аранжировка жасаганга
аралаша баштаган.
Булак https://www.super.kg/