Ысык-Көлдө «Йакын Инкар» агымынын мурдагы мүчөлөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

0

7–8-апрелде Ысык-Көл облусунда УКМК тарабынан, расмий мусулман дин өкүлдөрү менен биргеликте, мурда өз идеологиясынан баш тарткан «Йакын Инкар» диний-экстремисттик агымына тиешеси бар 80ден ашык адамдын катышуусунда түшүндүрүү-профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө аларга динге ишенген калк арасында бөлүнүп-жарылууга жол бербөө, ошондой эле ислам дининин ханафиттик мазхабынын матрудий ишеним багытынын салттуу нормаларын кармануунун маанилүүлүгү түшүндүрүлдү жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын талаптарына баш ийүү зарылдыгы белгиленди.

Мындай иш-чаралар аймактагы диний кырдаалды турукташтыруу жана жарандардын салттуу эмес агымдарга кайрадан азгырылуусунун алдын алуу максатын көздөйт.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.