Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилиги, Ардагерлер кеңеши жана өздүк курамы 2026-жылдын 4-апрелинде запастагы полковник Соодонбеков Искендер Маратбековичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен анын туугандарына жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтат.
Соодонбеков И.М. 1978-жылы туулган, 1998-жылы «Эл аралык мамилелер» адистиги боюнча Кыргызстандын Эл аралык университетин бүтүргөн, 2005-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУнун магистратурасын аяктаган.
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарындагы кызматын 2005-жылдын август айында баштаган.
2005-жылдан тартып ушул убакка чейин КР УКМКсында бир катар жооптуу ыкчам кызмат орундарын ээлеп кызмат өтөгөн.
Кызматтык милдеттерин аткарууда жетишкен оң натыйжалары үчүн мекемелик сыйлыктар жана ардак грамоталар, ошондой эле башка мекемелер менен министрликтердин сыйлыктары менен сыйланган.
Соодонбеков И.М. менен бирге кызмат өтөгөндөрдүн бардыгы аны чыныгы татыктуу офицер, жоопкерчиликтүү кызматкер, милдетин терең сезген инсан катары эстешет.
Бир нече муундагы чекисттерди тарбиялап өстүрүп, ар дайым чынчыл жана адилет болууга, чекисттик салттарды урматтоого, туруктуу жана кең пейил болууга, коопсуздук органдарынын офицери деген жогорку наамды татыктуу алып жүрүүгө жана Мекенди сүйүүгө үйрөтүп келген.
Соодонбеков И.М. боорукер жана ак көңүл адам, жакшы дос жана ишенимдүү жолдош катары түбөлүктүү эсте сакталат.