Жаңы Конситуция жыйынына Экс-Президенттер дагы катышты

0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда Конституциянын жаңы долбооруна кол коюп, элге кайрылуу жасады. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү басма сөз каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, иш-чара «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат.

Жыйынга өлкөнүн экс-Президенттери Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков да катышууда. Мындан сырткары мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү — Жогорку Кеңештин депутаттары, судьялар корпусунун өкүлдөрү, Өкмөт, коомдук ишмерлер катышып жатат.

Эске салсак, баш мыйзамдын жаңы редакциясы быйыл 11-апрелде референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумга 79,09% шайлоочу «макул» добушун берди, 13,83% шайлоочу «каршы» добушун берген.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.