Жай мезгилинде тамак-ашка ууланып түшкөндөрдүн саны өсөт

0
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын балдардын жугуштуу оорулары кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Дамирахан Чыныева оорунун алгачкы белгилери байкалганда эле ооруканага кайрылуу керектигин билдирди.
 «Жай мезгилинде ичеги-карын оорулары күчөйт. Алгачкы мөмө-жемиш бышкан учурдан тарта бул дартка чалдыккандар көбөйөт. Арасында оор абалда түшкөндөрү да бар. Бул оору кир кол менен тамактануу, бузулган тамак-ашты жегенде, кайнатылбаган сууну ичкенде жугат. Айрыкча жайында ачыган тамак-ашты жеп алып ууланып түшкөндөр көп. Массалык түрдө. Ууланганда алгач дене табы көтөрүлүп, өзүн начар сезип, 3-5 сааттан кийин куса баштайт. Улам-улам кусуп, кан басымы түшүп кетип каза болуп калгандар бар. Мындай учурда жылуу суу менен ашказанды тазалаш керек», — деди Чыныева.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.