Жалал-Абадда ашууда калган кишини куткарууга ӨКМдин тик учагы тартылды

0
Жалал-Абаддагы Сары-Кыр ашуусунда калган жаранды эвакуациялоо үчүн ӨКМдин тик учагы учуп кеткенин министрлик билдирди.
Маалыматта 5-ноябрь күнү 30 жаштагы К.Э. аттуу жаран автоунаасы менен кар күрткүсүнө тыгылып, жардам сураганы айтылат. Окуя болгон жерге кечээ төрт куткаруучу, төрт милиция кызматкери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү техника менен барган.
 «Бүгүн дагы 28 адам тартылды, анын 16сы — ӨКМ кызматкерлери. Ошондой эле алты техника жөнөтүлдү. ӨКМ башкармалыгынын башчысы ыкчам жыйын өткөрүп, кытайлык темир жолчулардын кошумча оор инженердик эки техникасы жолду ачууга тартылды. Куткаруу иштеринин натыйжасы тууралуу кошумча маалымат берилет», — деп айтылат билдирүүдө.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.