Жанар Акаев Атамбаевди үй камагына чыгаруу керектигин айтты

0

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев күч түзүмдөрүн камакта отурган башка саясатчылардын дагы ишин кайра карап чыгууга чакырды. Акаев бул тууралуу Башкы прокуратуранын үч депутатты жоопко тартууга уруксат сураган катынын негизинде түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусун кароо учурунда билдирди.

«Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов жана башка саясатчылар жөн эле отурат. Эгерде актай барактан баштап, экономикалык өнүгүүгө кетип, саясий өч алууларды артка калтырабыз десек, чын-чынына келгенде экс-президент Атамбаевди дагы үй камагына чыгаруу керек. Саясий өч алуудан кетип, тарыхты актай барактан баштайлы”, — деди Акаев.

Жанар Акаев Аскер прокуратурасы Жээнбеков менен Зулпукаровдун иши боюнча бир катар депутаттарды суракка алганын, алардын күнөөсү жок деп көрсөтмө беришкенин белгиледи.

Жогорку Кеңеш депутаттык комиссиянын депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду жоопко тартууга уруксат бербөө тууралуу корутундусун колдоду. Комиссиянын чечимин 94 депутат колдоду, эч ким каршы чыккан жок.

Ал эми депутат Бакыт Жетигеновдун маселесин кароо түштөн кийинкиге калтырылды.

Жээнбеков менен Зулпукаров «Кумтөр иши» боюнча коррупцияга шек саналып быйыл июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган.

Жетигеновду УКМК “Бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген айыптын негизинде быйыл ноябрда кармаган.

1-декабрга чейин иштеген “Жазык-процесстик кодекстин” талаптарына ылайык үч депутатты жоопко тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокуратура 24-29-ноябрда Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштамаларын жөнөткөн.

Башкы прокуратура эгер Жогорку Кеңеш жоопко тартууга макулдугун бербей турган болсо депутаттар камактан бошотулуп, алардын депутаттык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнчө кылмыш иши убактылуу токтотуларын билдирген.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.