Жанар Акаев менен Алтынбек Сулайманов ИИМдин Тергөө кызматына сурак берүү үчүн кирип кетти

0

 

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев менен Алтынбек Сулайманов ИИМдин Тергөө кызматына сурак берүү үчүн кирип кетти.

 

Акаев бийликти күч менен басып алуу беренеси боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектелип жатканы айтылган. Ал эми Сулайманов ИИМ имаратына кирип баратып ушул эле иш боюнча күбө катары чакырылганын билдирди.

Депутаттар бүгүн саат 17:30да суракка кирди.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган саясатчылар бир партияга биригип алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу боюнча сүйлөшүп жатканын билдиришкен.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.