Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде 3-орунга көтөрүлдү

0

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде 3-орунга көтөрүлдү. Жаңыланган рейтинг Норвегияда өткөн дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы боюнча түзүлдү.

Ослодогу турнирде кыргызстандык балбан 60 кг салмакта күч сынашып, финалга чейин жетип, күмүш медалга ээ болгон. Бул жыйынтык кыргыз спортчусуна 40 упай топтоп, дүйнөлүк рейтингде 13-орундан 3-орунга көтөрүлүүгө мүмкүндүк берди.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.