Шайлоонун жыйынтыгы күтүлгөндөй болду, деди президенттикке талапкер Мыктыбек Арстанбек.
«Мен ишенимдүү түрдө 4-орунду ээлеп, шайлоо учурунда көп нерсени үйрөндүм. Шайлоо таза өттү деп эсептейбиз. Ушунча жылдан бери шайлоонун мындан таза өткөнүн көрө элек болчубуз», – деди ал.
Ал шайлоонун жыйынтыгы менен макул.
Мыктыбек Арстанбек президентти жеңиши менен куттуктап, иштөөгө өз шарттары менен даяр экендигин билдирди.