Non Stop дуэти кайра түзүлгөнү жарыяланды

0

Эстрада ырчылары Чолпон Талипбек менен Максат Садырбеков Non Stop дуэти кайра түзүлгөнүн жарыялашты. Бул тууралуу алар 22-ноябрда Бишкектеги маалымат жыйында айтышты.

Non-Stop дуэти Кыргызстандын атынан Central Asia’s Got Talent шоусунун калыстар тобуна кирет.

Максат Садырбеков 2018-жылы Non Stop тобунан кеткенин жарыялап, жеке чыгармачылык карьерасын баштаган. Ал ага чейин Чолпон Талипбек менен сегиз жыл бирге ырдаган.

Дүйнөлүк деңгээлдеги таланттарды издөө максатын көздөгөн шоу Central Asia’s Got Talent кайрадан Борбордук Азиянын таланттарына жол ачат.

Экинчи сезондо долбоорго Азербайжандан катышуучулар кошулууда. Ошентип кастинг беш өлкөдө — Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Азербайжанда өтөт.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.