Актриса Роза Азимбаева зомбулукка кабылганын айтып чыкты

0

Калың элге «Министрдин кызынын махабаты» тасмасындагы Зинанын ролу аркылуу таанылган белгилүү актриса Роза Азимбаева жолдошу тарабынан зомбулукка кабылганын айтып чыкты.

Актриса социалдык тармакка жарыялаган видеодо жолдошу анын ден соолугуна залал келтиргенин билдирген.

Белгилей кетсек, актриса «Мен кыргызмын», «Соолуган карек», «Аялдык бакыт» жана башка тасмаларда да роль жараткан. Андан сырткары Роза Азимбаева репертуарында «Өкүнүч», «Эрке десем», «Жакшылар түгөнбөсүн жер үстүндө» деген ырлары бар.

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.