Видео “Россияда Кыргызстандагы шайлоонун үгүт иштерин жасагандарга 3-5 жылга өлкөнүн аймагына кирип-чыгууга тыюу салынышы мүмкүн”

0

Москва шаарындагы “Европолис” соода борборунун алдында кыргыз мекендештер “Бүтүн Кыргызстан” партиясын колдоп мыйзамсыз флешмоб өткөргөн. Бул тууралуу Кыргыз диаспора кеңешинин төрагасы Кубанычбек Осмонбеков мекендештерге чукул кайрылуу жасады.

“Россия Федерациясынын мыйзамдары боюнча башка өлкөнүн саясый партиялары РФнын аймагында өздөрүн жарнамалоого тыюу салынат. Азыр пандемияга байланыштуу лак-даун режими жүрүп жатат. Мындай акцияларды өткөрүү россиялык жарандар дагы тыюу салынган. Эми биздин флешмоб өткөргөн мекендештер РФнын админстративдик укук бузуу кодексинин 20.2-статьясы менен жоопко тартылат. Ага ылайык ошол иш-чараны уюштурган мекендештерди 15 суткага кармайт же 30 саатка чейин иштеткенге акысы бар, же 40 миң рублга чейин айып пул салынышы мүмкүн. Ошондой эле Россиянын укук коргоо органдары акциянын катышуучуларын 3 жылдан 5 жылга чейин “Россиянын аймагына кирүүгө жана чыгууга тыюу салуу” санкциясын колдонушу мүмкүн. Акцияга катышкан мекендештерге менин оюмча ушул санкцияны колдонот.Мекендештерге кайрылат элем! Россиянын аймагында мындай акцияларды өткөрбөңүздөр! Кыргызстандагы шайлоонун алкагында Россияда үгүт иштерин өткөрүүгө эч кандай уруксат жок. Мындай иштер сиздерге зыян гана алып келет!” – айтылат кайрылууда.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.