“Центерра” компаниясы мындан ары Кумтөр кенине ээлик кылбай тургандыгын жар салды

0

Канадалык “Центерра” компаниясы мындан ары Кумтөр кенине ээлик кылбай тургандыгын жар салды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирүү таратты.

-Мындан бир нече саат мурда, канадалык убакыт боюнча 19-ноябрда, кечке маал биржалык соода жыйынтыкталган соң, Centerra Gold Inc. компаниясы аларга мындан ары кыргыз элинин улуттук мурасы – Кумтөр кени таандык эместигин тааныгандыгы тууралуу чечим кабыл алды. Centerra Gold Inc. өзүнүн баланстык наркынан 926 млн долларды эсептен чыгарууга жана Кумтөр кенине контролду жоготуу фактысын билдирүүгө аргасыз болду,-деп айтылат кайрылууда.

Аталган чечим Онтарио (Канада) провинциясынын баалуу кагаздар боюнча Комиссиясынын талабы боюнча Centerra Gold Inc компаниясы тарабынан кабыл алынган. Кыргыз өкмөтү алгачкы күндөн тарта Centerra Gold Inc компаниясынын менеджментин биздин өлкөнүн жаратылышына жана экономикасына көлөмдүү зыян келтирилгендигин таанууга чакырып келген.

-Эл аралык коомчулук инвесторлордун кызыкчылыгына кол салуу эмес экенине жакында ынанат деп ишенебиз. Министрлер кабинети мындан ары да мыйзамдуулукту жана Кыргыз Республикасынын элинин улуттук кызыкчылыктарын жигердүү коргой берет”,-дейт Жапаров.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.