Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу UWW сайтында айтылат.
UWW версиясы боюнча жаңыртылган рейтинг Астанада 24-октябрдан 2-ноябрга чейин өткөн дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн.
Бул турнирде биздин мекендешибиз 68 килограммга чейинки салмакта чыгып, күмүш медаль уткан.
Бул жыйынтык ага 64 миң 800 упай топтоого мүмкүндүк берди.
Акжол Махмудов рейтингде алтынчы орунду ээледи. Астанадагы дүйнө чемпионатында коло медаль алгандан кийин, ал 36 миң 800 упай топтоп, дароо 42 орунга өйдөлөгөн.
Эрназар Акматалиев дүйнөлүк рейтингде экинчи ордун сактап калды. Кыргызстандык балбандын куржунунда 54 миң 500 упай бар.