Азия оюндары: Кыргызстандык мушкер финалдык беттештен четтетилди

0

 Кыргызстандык Ырыскелди Дүйшеев Жапониядагы Азия оюндарынын финалында беттешке чыкпай калды.

Ал ММА боюнча турнирде 71 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып жаткан.

Кыргызстандык мушкер турнирдеги биринчи беттеште Палестинанын спортчусун жеңип, жарым финалга чыккан. 21-сентябрда 1/2 финалда Дүйшеев Тажикстандын өкүлүнө каршы күрөшүп, 3:0 эсеби менен жеңишке жеткен жана финалга чыккан.

Беттеш аяктагандан кийин Тажикстан тараптан нааразычылык берилип, ал кабыл алынган. Беттештин жыйынтыгы кайра каралып, жеңиш тажикстандык мушкерге ыйгарылды.

Дүйшеев болсо жарым финалда жеңилди деп таанылып, жыйынтыгында 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болду.

Бул медаль Кыргызстан үчүн турнирдеги экинчи медаль болду. Ага чейин 60 кг чейинки салмак категориясында Дастан Каныбек уулу да 3-орунду ээлеген.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.