Ражабали Шайдуллаев PFL чемпиону аталды

0

Кыргызстандык мушкер Ражабали Шайдуллаев Япониянын Осака шаарында өткөн Super RIZIN 5 турниринде америкалык Эй Джей МакКини жеңип, PFL уюмунун жарым жеңил салмактагы чемпиондук куруна ээ болду.

Беттеш бүгүн, 10-сентябрда, Осакадагы Kyocera Dome аренасында өттү. Анда Шайдуллаев RIZIN уюмунун чемпиондук курун коргоп, ошол эле учурда бош турган PFL чемпиондук титулу үчүн таймашты.

Беттеш RIZIN эрежеси боюнча үч раундга белгиленип, ар бири беш мүнөттөн созулду. Үч раунддун жыйынтыгында калыстар бир добуштан жеңишти кыргызстандык мушкерге беришти.

Муну менен 25 жаштагы Ражабали Шайдуллаев RIZIN чемпиондук титулун дагы бир ирет коргоп, PFLдин жарым жеңил салмактагы чемпиону болду. Ошентип, ал бир беттеште эки ири MMA уюмунун — RIZIN жана PFLдин — чемпиондук наамдарын бириктирген мушкерге айланды. PFL бул беттешти эки уюмдун чемпиондук титулдары бир убакта коюлган тарыхый беттеш катары атаган.

Шайдуллаев беттешке чейин профессионалдык карьерасында 19 жеңишти катарынан камсыздап, бир да жолу жеңилген эмес. Ал RIZINдеги чемпиондук титулун буга чейин үч жолу ийгиликтүү коргогон.

Анын атаандашы Эй Джей МакКи — Bellator уюмунун мурдагы чемпиону. Америкалык мушкердин беттешке чейинки рекорду 25 жеңиш жана 2 жеңилүү болгон.

Бул жеңиш менен Шайдуллаевдин аты дүйнөлүк MMA аренасында дагы бир чоң жетишкендик менен белгиленди. Эки чемпиондук курдун бир беттеште коюлушу RIZIN жана PFL үчүн да өзгөчө тарыхый окуя катары бааланган.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.