Өткөн жылдын декабрь айында өсүмдүк майы, картошка жана тооктун жумурткасы сезилерлик кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, декабрда азык-түлүккө жана алкоголсуз суусундуктарга карата баа республикада жалпысынан 3.9 пайызга наркын жогорулаткан.
Эң эле көп кымбаттоо картошканын баасында болду. Ал 15 пайызга баасын көтөрдү. Өсүмдүк майы12.3 пайызга, жумутка 9.4 пайызга кымбаттады.